Бүгүн, 7-февраль күнү КТРКнын Байкоочу кеңешинин жаңы төрагасы шайланды. Бул тууралуу КТРКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, кеңештин мүчөлөрү бир добуш менен Азамат Болгонбаевди шайлашкан.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү жаңы шайланган төрагага КТРКнын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө салымын кошот деген ишеничтерин билдиришти.
Ошондой эле бүгүнкү жыйында КТРКнын радиоуктуруу боюнча башкы директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу Айбек Мусаевди Байкоочу кеңештин мүчөлөрү орун басар кылып бир добуштан бекитишти.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ