Menu

Аида Касымалиева: “Кыргызстандын бийлиги АКШнын визалык чектөөлөрүн алып салуу боюнча тезинен тийиштүү чараларды көрүшү керек”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева менен депутат Жыргалбек Турускулов АКШ Президентинин ар жылдык сыйтамагына катышты. Сыйтамак сенатта Президент Дональд Трамп жарыяланган импичмент боюнча акталар замат башталды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Вице-спикердин айтымында, АКШ тарабынан жакында Кыргызстанга жарыяланган визалык чектөөлөрдү тезинен алып салуу кыргы-америкалык байланыштын алдында турган өтө маанилүү маселелердин бири болуп саналат. «Жолугушуулардын жүрүшүндө негизги себеп бирөө – биометрикалык паспорттордун жоктугу экени белгилүү болду. Муну АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу да, Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев дагы белгиледи. Мамкаттоо кызматы андай паспорттор 2021-жылдан тарта киргизиле турганын айтат. Дагы бир жыл күтүүгө болбойт. Парламенти менен өкмөт бул маселени көзөмөлгө алып, тезинен «кара тизмеден» чыгуу аракеттерин жасашы керек», – деди Аида Касымалиева.

Кыргызстандын элчилигинде өткөн жолугушууда визалык чектөөлөрдүн киргизилиши АКШдагы кыргыз диаспорасын да тынчсыздандырып жатканы белгилүү болду. «Азыркы учурда элчиликтин консулдук каттоосунда АКШ менен Канадада туруктуу жана убактылуу жашап жаткан 5,5 миң кыргыз жараны катталган. Иш жүзүндө алардын саны мындан дагы көп болушу мүмкүн. АКШнын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 1999-2019-жылдар аралыгында 10 миңден ашуун кыргыз мигранттарына АКШнын легалдуу жана туруктуу резиденти («грин карт») макамы берилиптир», – деп кошумчалады вице-спикер.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: