Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, мэриянын муниципалдык кызмат департаментинин директору Нурлан Касымов ээлеген кызматынан бошотулду. Анын орун басары Максат Шеримбаев убактылуу директор болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду.
Белгилей кетсек, 14-сентябрда шаар мэри Азиз Суракматов салттуу жыйында сөз сүйлөп, шаар кызматтарынын санариптештирилишине нааразычылыгын билдирди. Азиз Суракматов шаардыктар үчүн шаардык кызматтар менен иштешүү дагы деле кыйын экендигин, бирдиктүү санарип продукт жок экендигин, муниципалдык кызматтар шаардыктар үчүн чыныгы “кыйноолорго” айлангандыгын белгилеген. Муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы Нурлан Касымовду кызматтан кетүү сунушталган.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ