Токмок шаардык соту аялын кызганып досун сабаган К.Ж аттуу жаранга карата чечим чыгарды.
Маалым болгондой, 2019-жылдын 7-апрелинде К.Ж. аялынан Ч.Э. атту досу аны зордуктоого аракет кылганын угат. 8-апрель күнү болжол менен саат 21:00дө дүкөндүн жанынан досун жолуктуруп калып, аялынын айткан окуяны териштирүү үчүн аны киши жок жерге алып барат.
Эки достун ортосунда чыр чыгып, ал мушташка айланып, К.Ж. досун катуу ур-тепкиге алган.
Жабыркаган адамды анын аялы таап, үйүнө алып барган. Алган жаракатынан улам ал каза болгон.
Сот К.Ж. аттуу жаранды күнөөлүү деп таап, аны 9 жылга эркинен ажыратты.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ