Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы сүттү кайра иштетүүчү заводдун иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Жумасына 15 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар завод Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен ачылган жана аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө чоң салым кошот.
Өкмөт башчы Нарын облсунун мал чарбачылыгындагы дараметин эске алганда, мындай объекттер өнүгүүнүн негизги фактору болуп эсептелерин белгиледи.
Сырьёнун көлөмү жетишсиз болуп, завод толук кубаттуулукта иштей албай жаткандыктан, Мухаммедкалый Абылгазиев чийки заттын базасын көбөйтүү боюнча план иштеп чыгууну тапшырды. Өкмөт башчынын айтымында, зарылдыкка жараша сырьёнун жетишсиздиги боюнча маселени чечүү максатында кошумча лизинг жана насыялык линияларды ачуу шарт.
Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт мурдагыдай эле жер-жерлердеги мындай ишканаларга зарыл жардамды берерин айтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ