Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз, уурунун орду – түрмөдө. Бул тууралуу депутат Азиз Турсунбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында Бишкек Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана анын кесепеттерин жоюу чараларынын жүрүшүн, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жатканда билдирди.
«Депутаттык комиссияга ыракмат, көптөгөн көмүскө маалыматтар ачыкка чыкты. 500 млн доллар карыз калкыбыз үчүн өтө оор жүк. Карыз элдин эсебинен эсебинен эмес, уурулардын эсебинен төлөнүшү керек. Мурда шектүү кызмат адамдарынын өз мүлкүн сатып, чет өлкөлөргө качып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берилип келген. Мындай кылууга болбойт. Коррупцияга шектелген кызмат адамдарынын өздөрү да, алардын мүлкү дагы толугу менен камакка алынууга тийиш», – деди Азиз Турсунбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ