Menu

«Алай» футболчуларына Анталия жана Ташкентте машыгуу өткөрүү үчүн колдоо көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 10-февраль күнү Ош шаарынын “Алай” футболдук клубу 2019-жылы футбол боюнча Кыргыз Премьер Лигасында II-орунду алгандыгы учун Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы тарабынан сыйланды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, футбол федерациясынын баш катчысынын орун басары Нурдин Букуев, мэриянын кызматкерлери жана “Алай” футбол командасынын жалпы футболчулары катышты.

Жыйындын алкагында футбол федерациясынын баш катчысынын орун басары Нурдин Букуев “Алай” футбол клубу Кыргызстандагы алдыңкы клубдардын катарында экендигин баса белгилеп, жаратуучу ийгиликтер дагы алдыда деп кошумчалады.

Ошондой эле, футбол боюнча Кыргыз Премьер Лигасында 2-орунду ээлегендиги үчүн “Алай” клубуна диплом жана футболчуларга медал тапшырды.

Мындан тышкары, “Алай” футбол командасына 2020-жылга даярдык көрүү үчүн Ош шаардык кеңешинин атынан Туркиянын Анталия шаарына жана Ош шаарынын мэриясынын атынан Ташкентке машыгууга атайын сертификаттар берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: