Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапаровага эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы кечээ, 11-февраль күнү маалымдаган.
Маалыматтар боюнча 2007-жылы Райкүл Жапарова мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин көмөгү менен “Ысык-Көл инвест” банкын рейдерлик жол менен тартып алат. Ал бир нече айдан кийин аталган банктын башкармалык кеңешинин төрайымы болуп шайланган.
“Ысык-Көл инвест” банкынын мурдагы жетекчиси Болот Бакожоев көп жылдан бери адилеттүүлүккө жетүүгө аракет кылып келет. Анын айтымында, Садыр Жапаровго 2004-жылы “Ысык-Көл инвест” банкынын 400 000 долларын менчиктештирип алган боюнча кылмыш иши козголгон.
Болот Байкожоев 2010-жылдагы апрель револициясынан кийин Башкыпрокуратурага кайрадан кайрылат. Ал “Ысык-Көл инвест” банкын рейдерлик жол менен басып алынганын, анын башында Максим Бакиев турганын айткан.
Рейдерлик басып алуу иши боюнча Максим Бакиевге, анын тарапташтары Азия Универсал банкынын директорлор кеңешинин төрагасы – Михаил Наделге жана финансылык консультант Евгений Гуревичке сыртынан айып коюлган. Ошондой эле Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапаровага, Улуттук банктын мурдагы төрагасы Марат Алапаевге, анын орун басары Кубанычбек Бөкөнтаевге жана башка кылмышка тиешесии бар адамдарга айыптоолор коюлган.
Райкүл Жапарова 2014-жылы соттун чечим чыгарда өлкөдөн качып кеткен. Аны Бишкектеги Октябрь райондук соту КРнын кылмыш кодексинин 30-183-беренелери (кошулуп кылмыш кылуу, арам акчаны адалдоо) боюнча айыптуу деп, 7 жылга эркинен ажыраткан.
2015-жылдын апрель айында Райкүл Жапаровага дагы эки берене боюнча айып тагылып, Бишкек шаардык соту аны 10 жылга эркинен ажыраткан.
2015-жылы сентябрда Жогорку сот мурунку чечимдерди күчүндө калтырган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ