Бишкек шаарында «Хизбут-Тахрир» диний экстремистик уюмунун активдүү мүчөсү «Ж.А.» аттуу КР жаранынын Интернет тармагы аркылуу «Халифат» түзүүгө чакырган иш аркеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-февраль күнү билдирди.
Кармалган адамдын жашаган жерин тинтүү жүргүзүү учурунда экстремисттик багыттагы материалдар табылган Бишкек шаарынын Биринчимай райондук сотунун чечимине ылайык «Ж.А.» Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1- тергөө камак жайына киргизилди.
Азыркы убакта ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ