Menu

Сооронбай Жээнбеков: “Экономикалык кылмыштар үчүн дароо эле камакка алуунун кереги жок”

Бөлүшүү:

“Экономикалык кылмыштар үчүн дароо камакка алуунун кереги жок” – деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-февралда, Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйынында.

Сооронбай Жээнбеков экономикалык кылмыштар үчүн жоопкерчиликке тартууну жана келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча механизмдерди колдонууну сунуштады.

“Менин оюмча мындан мамлекеттин дагы, жарандырдын дагы кызыкчылыгы зыян тартпайт” – деди президент.

Башкы прокуратурага негизги принциптерди жана текшерүүнүн тартибин бекитүү тапшырылды.

“Прокуратура органдары ишкерлердин жана текшерүүчү органдардын ортосундагы көзөмөлдөп туруучу орган болуп, ашыкча текшерүүлөргө жол бербеш керек” – деп кошумчалады өлкө башчы.

Буга чейин президент укук коргоо органдары коррупция менен күрөшүүнү шылтоо кылып, ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, бизнестин иштөөсүнө негизсиз тоскоолдук жаратып жатканын белгилеген. Президент кээ бир учурда негизсиз оор чараларды колдонуп, ишкерлерди камакка алып жаткандыгы тууралуу  кайрылуулар түшүп жатканын айтып нааразы болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: