Бишкекте 3 жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу жол кайгуул милициясынын басма сөз кызматы бүгүн, 13-февраль күнү билдирди.
Такталгандай, 13-февраль түнү Бишкектеги Масалиев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу үч жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Алган жаракатынан улам бир адам жеринен каза болгон. Экөө ооруканага жеткирилген.
Кайгуул милициясынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында 1994-жылы туулган Т.К. аттуу айдоочу кармалган. Ал Бишкек ШИИБне жеткирилип, унаасы айып короосуна киргизилген.
Аталган факт катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ