Menu

«Мекеним Кыргызстан» партиясы: Шайлоо өтө турган шаарларда көчүп келгендерге каттоого турууну убактылуу токтотуп туруу зарыл

Бөлүшүү:

«Мекеним Кыргызстан» партиясы биринчи жолу кайрылуу жасады. Аталган партия 12-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтө турган шаарларда калктын санынын жасалма өсүшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирет.

Төмөндө партиянын кайрылуусу өзгөрүүсүз берилет.

Эл арасына кеңири таралган мындай окуя шайлоону өткөрүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу жактардын көңүл сыртында калбашы керек деп эсептейбиз. Шайлоо жараяны белгиленгенден бери Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаарларында көп сандагы ички мигранттардын каттоого туруусу акыйкатсыздык аркылуу ийгиликке жетүү жолун тандаган күчтөр пайда болгонун көрсөтүп турат. Мындай схемалар шайлоочулардын эркин шайлоосунун чыныгы жыйынтыгын бурмалоо үчүн колдонула тургандыгы айкын болуп турат.

Шайлоодогу фальсификацияга жол бербөө максатында биз жергиликтүү кеңештерге 2020-жылдын 12-апрелинде шайлоо өтө турган шаарларда көчүп келгендерге паспорт алмаштырууну жана каттоого турууну убактылуу токтотуп туруу зарыл деп эсептейбиз. Чектөө 2-апрелге – шайлоочулардын
тизмесин түзүүнүн акыркы күнүнө чейин иштеши зарыл. (Документтин мөөнөтү бүткөн жана 18 жашка толгон учурларды кошпогондо).

БШК жана компетенттүү органдар тарабынан шайлоолордун жыйынтыгына алдын ала таасир этүү аракеттеринин кандай түрү болсо дагы токтотулуп, тартипке салуу боюнча толук чаралар көрүлүүгө тийиш. Бул тескери аракеттер Кыргызстандын шайлоо тутумуна карата ишенимге олуттуу түрдө доо кетүүсү ыктымал.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы алдыда турган шайлоолордун бардык катышуучуларын мыйзамсыз аракеттерди колдонуудан баш тартууга чакырат. Шайлоочулардын добушун ким чынчыл жана ачык күрөштө алууга жетишсе ошол эл тарабынан жеңүүчү деп таанылышы шарт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: