«Ата Мекенчилерден» кутулууну көздөгөн кыргыз бийлигинин «чекеси ысыбай» турган өӊдөндү. Бишкек шаардык сотунун чечими күчүнө кирсе Аида Салянова мандатынан айрылат. Бирок, анын ордуна тизме боюнча келе турган Гульнара-Клара Саматтын «аркасында калбыры» бар экен. Тактап айтканда Клара Кабилованын орус жарандыгына ээ экендиги буга чейин дагы ЖМКларда кеп болгон . «Жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт» эмеспи, БШК дагы бул маалыматты тактай албай эки анжы болуп жатыптыр. Эгер ал тактаганга чыгынбаса чын эле Гульнара-Клара Саматтын жарандыгын ким текшерет?
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ