Кой-Таш айылындагы окуясынан башынан оор жаракат алып, Москвада дарыланып жаткан Чүй облусунун ИИБсинин жетекчиси Самат Курманкуловдун абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-февраль күнү билдирди.
Маалыматтар боюнча, анын оор жаракаттан кийин толугу менен калыбына келүүсү үчүн дарылоо уланып жатат.
Белгилей кетсек, Самат Курманкуловдун дарылоосуна өкмөттүн резервдик бюджетинен 1 462 691 сом бөлүнгөн. Мындан сырткары, Өкмөттүн буйругу менен Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 4 798 520 сом бөлүнгөн.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Атамбаевди мажбурлап алып келүү операциясында Чүй ОИИББнын жетекчиси Самат Курманкулов башынан оор жаракат алган. Ал Москвадагы Н.Н.Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборуна которулуп, учурда ошол жакта дарыланууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ