Menu

Нарын ОИИБи: Ат-Башыдагы митингде тартип бузуулар болгон жок

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-февраль күнү Нарын облусунун Ат-Башы районунда логистикалык борбордун курулушуна каршы тынчтык митинги болуп өттү.

Нарын ОИИБнин айтымында, митингге 500-700го жакын жергиликтүү тургундар катышышкан.

Коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн жалпы кызматкерлери тартылган. Митинг учурунда эч кандай тартип бузуулар катталган жок. Азыркы учурда саясий абал тынч.

Митингге чыккан эл резолюциянын талаптарын айтып, 1-мартка чейин аткарууну талап кылышкан.

Белгилей кетсек, Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылдык аймагында индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу үчүн 200 га жер бөлүнгөн.

Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта салынуучу логистикалык борбор салынмак, ага инвестор кытайлык ишкер Лю Индин болмок, анын Кыргызстандагы өнөктөшү, ишкер Эмилбек Абдыкадыров, бизнесмен Аскар Салымбеков. Алар Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, эл арасында тараган ушак болбогон кептер экендигин айтып, элди түшүнүүгө чакырышкан.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: