Бүгүн,18-февралда эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы Нью-Дели шаарына келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Индира Ганди атындагы Эл аралык аэропортто кыргыз спортчуларны КРнын Индиядагы Элчиси А.Исаев, Элчиликтин кызматкерлери, кыргыз диаспорасынын, ошондой эле Индиянын күрөш Федерациясынын өкүлдөрү тосуп алышты.
КРнын спорт делегациясы 18-23-февралында өтө турган Азия Чемпионатына катышат.
Турнирдин ачылышы бүгүн, 18-февралда, «KD Jadhav Hall of Indira Gandhi» стадионунда өтөт.
Аялдар арасында эркин күрөш боюнча мелдештер 20-21-февралда өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ