Бүгүн, 19-февраль күнү Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз байыганы боюнча кылмыш иши кароо уланды. Сотту сот А.Эсенбаев алып барууда.
Оптима банктын” кызматкери көрсөтмө берди. Анын айтымында экс-вице-премьер-министр банктын кызматтары менен 2011-жылдан бери колдонуп келген. Аталган банктагы кутучанын мөөнөтү аяктагандан соң Зилалиевге билдирүү жөнөтүлгөн, бирок көрсөтүлгөн убакта ал келген эместигин билдирди. Күбө банк кутучасы кандай ачылганын айтып берди.
“Ал кутучаны 2016-жылдын июль айында ачкан. Ал эми 2017-жылы июнь айында кутучанын мөөнөтү бүткөн. Ага кутучанын ээсине бир ай убакыт берилет, ал мөөнөтүн узартыш керек же кутучаны бошотушу керек. Биз билдирүү жибергенден кийин Дүйшөнбек Зилалиев келген эмес. Эгерде кардар эки айдын ичинде келбесе, банк кутучаны асканга укутуу. Биз төрт кишиден турган атайын комиссия түзүп, кутучаны ачып, ичинен 900 миң доллардан ашуун акчаны таптык. Бардык аракеттер видеого тартылып жаткан. Андан соң биз видеону USB-флеш-картага көчүрүп, кутучанын ичиндеги каражаттардын бардыгын инкассатордук сумкага салып, банктын кампасына жибергенбиз. Эки жумадан кийин Дүйшөнбек Зилалиев келип ачылган кутучадагы каражаттын бардыгы ага таандык экенин айтып, банкка эч кандай доосу жок экенин билдирген. Ошол эле күнү ал банктагы экинчи кутучасын ачкан” – деп билдирди банктын кызматкери.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ