Menu

Жолдошбек Токоев, журналист: “Президент бир күндү да текке кетирбеши керек”

Бөлүшүү:

– Жарандык коом сот жана укук коргоо органдарындагы тутумдашкан коррупцияны ооздуктоо боюнча тынчтык митингине чыгышып, “Жогорку соттун судьялыгына саясый буйрукту аткарган сотторду дайындабасын” деген ойлорун айтышты. Эми элдин нааразычылыгын жараткан соттордон тазаланууга үмүт барбы?

– Жарандык активистердин “Жогорку Сотту тазалап, коррупция­ны ооздукташ керек” деп митингге чыкканы туура эле болду. Алар турмуштук зарылдыктан жана президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинде айткан сөздөрүнө карата орундуу маселе көтөрүштү. Экс-президент Алмазбек Шаршенович “2010 -жылы кабыл алынган Конституцияны өзгөртпөсөк соттук реформа жасай албайт экенбиз!”- деп 2016-жылдын 16-декабрында референдум өткөрүп, баш мыйзамдын бир канча бернелерине толуктоо, өзгөртүү киргиздирген. Бирок, андан бери 1 жыл 2 ай өттү, сот бийлигинде эч кандай реформа болгон жок. Анда эмнеге Башмыйзамды өзгөртүк эле (?) деген суроо жаралат.

Сот бийлигинде реформаны былтыр 2017-жылы жүргүзүш керек эле, тилеке кар­шы андай болбоду. Эми коррупция боюнча деле жылыш болгон жок. Болгону Бишкек жылуулук электр борборундагы (ТЭЦ) авария боюнча бул тармакта иштеген бирөөнү 2 айга абакка камады. Жылына казынадан 20 миллиард сом уурдалат. Бул деген бир күндө казынадан 4-5 миллион сом уурдалды-деген кеп. Демек, бир айда орто эсепте 140 млн сом уурдалууда. Эгер чынында коррупция менен күрөшсө экономика бир топ алдыга жылмак. Менимче президент бул багытта бир күндү да текке кетирбеш керек.

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: