Бүгүн, 21-февралда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары УКМКнын алдына чогулушту.
50дөй адам чогулуп, Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу үчүн бир нече өкүлдөрдүн киришин талап кылышууда.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр атасынын кан басымы өтө эле төмөн экенин, каалаган учурда инсультка же инфарктка кабылышы мүмкүн экенин айтып, атасынын ден соолугу үчүн дуба кылууну суранган. Күн мурун Акыйкатчы аппаратынын өкүлү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына барып, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан. Анда Атамбаев кан басымы бат-баттан төмөндөп жатканын айткан.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ