Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ЭККМК менен бирдикте Чүй облусунун Жайыл районундагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясын мыйзамсыз сатуу фактысын аныкташты. Бул тууралу МСКнын басма-сөз кызматы билдирди.
Натыйжада 1 миң 19 таңгак тамеки тартып алынган.
Тиешелүү материалдар жана тартып алынган тамеки продукциясы мыйзамга ылайык карап чыгуу жана чараларды көрүү үчүн ЭККМКга өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ