Menu

Атамбаев менен Темир Сариев 2015-жылы Кыргызстанга 1% да үлүш калтырбай чет элдиктерге сатып жиберген Жерүй алтын кени боюнча Элдик комиссиянын бийликке суроо-талаптарынын тизмеси

Бөлүшүү:

2015-жылы президент Алмаз Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариев 5 миллиард долларга бааланган алтыны бар Таластагы Жерүй алтын кенин Россиялыктарга 100 эле миллион долларга, Кыргызстанга 1% үлүш калтырбай сатып жиберишкени белгилүү. Эми ал жерден өндүрүлгөн алтынга Кыргызстан эмес Россиялыктар кожоюн. Кыргызстандын Кумтөрдө 26% үлүшү болсо, Жерүй алтын кенинде 1% да үлүшү жок. Бул кенге кардарларды Россиядан Өмүрбек Бабанов ээрчитип келип, Атамбаев менен Темир Сариевге тааныштырганы да узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына айтылып жүрөт.

Эми жарандык активист Айбек Бузурманкулов баштаган Элдик комиссия Жерүй алтын кениндеги “бармак басты, көз кысты” иштерди иликтөө үчүн атайын элдик комиссия түзүшүп, өкмөттүк органдардан Жерүй алтын кенине байланыштуу бардык документтерди талап кылууда.

Айбек Бузурманкуловго ийгилик каалап, Жерүй алтын кени боюнча ачуу чындыкты элдин алдына алып чыгат деп үмүт эте туралы. Айтылуу Азимбек агабыздай бийлик кызмат берип койсо көздөгөн ишин таштап басып кете берет деп сөз кылып жатышкандарга ишенбей күтөбүз.

Мамлекеттик бийлик органдарынан Жерүй алтын кени боюнча Элдик комиссия тарабынан суралган документ, суроолордун тизмеси:

1) 2015-жылы Жерүй кен байлыгы боюнча ѳткѳн конкурстун эрежелери жана шарттарынын кѳчүрмѳлѳрү, ким тарабынан бекитилген жана бекитилген документтин кѳчүрмѳлѳрү
2) Конкурска катышкан компаниялардын тизмеси жана алардын сунуштарынын кѳчүрмѳлѳрү
3) Конкурстук комиссиянын курамы жана ким тарабынан бекитилген документтердин кѳчүрмѳлѳрү
4) Жеңүүчүнү аныктаган конкурстук комиссиянын протоколунун кѳчүрмѳсү жана аталган протоколдун Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынан бекитилген документинин кѳчүрмѳсү
5) Жеңүүчү компанияга берилген лицензиялардын кѳчүрмѳлѳрү жана лицензиялык келишимдердин баардыгынын кѳчүрмѳлѳрү
6) Лицензия алган компания лицензия алган убакыттан бери ѳзүнүн негиздѳѳчүлѳрүн жана акыркы ээлерин алмаштырды беле? Алмаштырса, алмашкан документтердин кѳчүрмѳсү
7) Лицензия алынган убакыттан бери “Востокгеолдобыча” компаниясына кайсыл жеке жактар негиздѳѳчүлѳр(ээлери) болуп эсептелет?
8) КР Ѳнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан, лицензия алынган учурдан бери «Альянс Алтын» ЖЧКу жана «Востокгеолдобыча» компанияларынын негиздѳѳчулѳрү тууралуу, запрос кылынды беле?
9) “Визор” компаниясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ берилген доо-арызында кѳрсѳтүлгѳн 589 млн. доллар. каражатка аудит жүргүзүлдү беле? Жүргүзүлсѳ аудиттин кѳчүрмѳсү
10) Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү ““Визор” компаниясына 589млн. доллар тѳлѳп берсин” деген Эл аралык арбитаждык соттун чечими барбы? Болсо соттун чечиминин кѳчүрмѳсү?
11) “Визор” компаниясынын Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ берилген доо-арызы, “Альянс Алтын” ЖЧКу менен “Визор” компаниясынын ортосунда кандай жол менен жѳнгѳ салынган? Макулдашуу? Келишим? Эгер болгон болсо тиешелүү документтердин кѳчүрмѳсү
12) «Востокгеолдобыча» компаниясынын алтын кенин чалгындоо жана казуу боюнча тажрыйбасын аныктаган маалыматтардын жана документтердин кѳчүрмѳсү
13) “Джерүйалтын” ЖАКнун 40% үлүшүнѳ ээлик кылган “Кыргызалтын” ААКнын 40% үлүшүнүн тагдыры эмне болду? “Кыргызалтын” ААК жетекчилиги бул боюнча эмне үчүн үн катпайт? Сиздердин комитет бул тууралуу эмне иш-чараларды жүргүздү эле?
14) Жерүй боюнча техника-экономикалык негиздеменин кѳчүрмѳсү жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген эксперттик корутундулардын кѳчүрмѳлѳрү
15) Жерүй боюнча техника-экономикалык негиздемеде кѳрсѳтүлгѳн экологиялык, тоо-кен, калдык сактоочу жайдын бѳлүмдѳрүндѳгү кеңейтилген кѳчүрмѳлѳр
16) Жерүй кени боюнча ѳткѳзүлгѳн баардык коомдук угуулардын кѳчүрмѳлѳрү
17) Жерге ээлик кылуу документтери, аныкталган чектери менен(ситуационный план)
18) “Альянс Алтын” ЖЧКунун штаттык кызматкерлеринин толук тизмеси, Жерүйдѳ подрядтык ишканаларда иштеп жаткан штаттык кызматкерлердин толук тизмеси
19) Экологияны бузган подрядтык ишканаларга кѳрүлгѳн чаралардын жыйынтыгы
20) Социалдык пакет боюнча түзүлгѳн макулдашуунун кѳчүрмѳсү
21) Подрядтык ишканалардын тизмеси, катталган жери жана аткарган иштеринин түрү
22) Суунун, топурактын, абанын анализдери боюнча ѳткѳзүлгѳн мониторингтердин жыйынтыгынын кѳчүрмѳлѳрү
23) Калдык сактоочу жайды кѳзѳмѳл скважиналарынын бекилген схемасынын кѳчүрмѳсү
24) 2015-жылдан баштап “Альянс Алтын” ЖЧКу тарабынан “Бакубат Талас” ѳнүктүрүү фондуна которулган акча каражаттарынын кѳлѳмүнүн суммасынын жыл-жылдар боюнча эсебин.

Айбек Бузурманкулов, Жерүй алтын кени боюнча Элдик комиссиянын төрагасы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: