Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясынын Москва шаарына келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, анда кыргыз-россия мамилелеринин бүгүнкү абалы менен келечеги талкууланат.
Эки мамлекеттин башчылары Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземине катышат.
Ошондой эле Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуулар пландалган.
Иш сапардын алкагында, Президент Сооронбай Жээнбеков Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коет жана Москва шаарындагы ВДНХ аймагындагы «Кыргызстан» павильонуна барат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ