Бүгүн, 29-февралда Бишкекте аскердик унаа жана жеңил автоунаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, болжол менен саат 8:30 Жибек-Жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде “Зил 31” жана “Део-Ланос” үлгүсүндөгү унаалар жол кырсыгына учураган. “Зил 31” жолдон чыгып кетип, дүкөндү сүзгөн.
Жол кырсыгынан жабыркагандар болгон эмес. Учурда милициянын кайгуул кызматы окуя болгон жерде иш алып барып жатышат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ