Menu

УКМК 2-марттагы митингде жаштарды Ак үйдү басып алууга үндөгөн жаранды кармады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-февралда социалдык тармактарда 2-мартта өтө турган Садыр Жапаровдун жактоочуларынын митингинде Ак үйдү, бийликти басып алууга үндөгөн жарандын аудиотасмасы тараган. УКМК ал тасма боюнча ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, тасмада үнү жазылган О.Б. аттуу жаранды кармап, азыр суракка алууда. Бул тууралу  УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө анын аудиотасмасын жана текстин дагы бир жолу жарыялайбыз:

-Салам алейкум!  Кандайсыңар?

-Алейкум салам! Жакшы. Өзүңөрдө жакшы элеби?

Бизде жакшы эле, бирок мобу айылдарда кичине эметип жатат…  Тиги Баш-Кайыңдыда  эми эки топ болуптур… Ал жактан вообще эч нерсе чечилбейт.

-Мирлан деле түшүнүп калыптыр го, жазып жатпайбы “биякка келбейсиңерби” депчи…

-Ооба, мобу группаларда да ошентип жатышат “Бишкекти кулатыш керек” деп…

Ошо, тиги Көл баштаса эле кошулуп кеткидей болгула да, Кочкордон акмалайсыңарбы же Көлдүктөр чыгып жатабыз дегенди угуп аласыңарбы, биринчи… ошентип анан чыгыш керек.

-Жок, бул жерден неме кылыш керек го: биринчи Ат-Башы, Нарынды алыш керек, ошого конкретно эле барып басып алыш керек тиякты…

-Ооба, азыр айылдарды алганда безполезно, жанагинтип коркутуп-үркүтүп, мээ барбы дебейсинби, тиякта бир туугандары баары чуркап жүрүшөт 2-мартка карата даярданып, биринчи ошол жакты алыш керек, биринчи ажыдаардын башын кесиш керекпи же куйругун кесип алып, анан өзүбүз аларга жем болушубуз керекпи? дебейсинби… Макул куйругун кестик бирок башы тиякта дебейсинби, 7000 милиция турат, туурабы?

-Ооба.

-Анан кичинеден талкалай берет да, районду бат эле талкалап коёт 5000 милиция же ОМОН барсачы, ошондуктан биякка келиш каерек, по любому келиш керек.

– Ооба, эл жазылып жатат…

-Даже азыр Ош колдоп жатат, Ош жакчы, эл көп болушу мүмкүн да… Бул бийлик кетет буйруса, Кудай кааласа. Буларды кетирбей кармап калыш керек.

-Ооба.

-СНБны басып алып туруп, 120 депутатты тең СНБга камап, 2 эле киши төлөп коёт, мобу Салымбеков  шакалды баш кылып төлөтөбүз, биринчи Салымбековдон баштайбыз энеңдиси…н,  Нурлан да төлөйт көрөсүң го. Азыр жыргап жүрө берсин, убактылуу эле эмеспи. Шакини төлөтөбүз энеңдурайын, кармап турупчу, “сенин эмнең бай?” депчи. Ошого жетиш каерек болуп жатат.

-Ии…

Эң башкысы эле биякты – Бишкекти алыш керек болуп жатат. Бишкек жарылганы араң эле турат. Баштагылачы, анан кандай чуу чыгат экен. “Бизде 20 машина турат, силерден канча машина чыгат?” деп эле акырын лидерлер менен сүйлөшө бер.

-Хорошо!

-“Давай, тиякка Ак үйгө барабыз, кыйынсыңарбы? Ажыдаардын башы ошол жерде” дегин, “биз куйругун чукулап эле жүрөбүз, бул жерде” депчи.

-Ыы…

-Булар шакалдар эле да, жанагы подсобный иттер гана барып жатат да тиякка, главныйлар биякта да, жанагы кол койгон парламентчи…

-Ооба.

-Ошол парламентти качырбай кармап калышыбыз керек биз. 2-мартта тынчтык митинги деп чыгабыз биринчи, Кумтөр кенин айтып, Жерүй, Жетим-Тоо деп, мобу Жер үйдө Кумтөрдөн да көп алтындын запасы бар экен да. Азыр Кытайдын көзү ошого түшүп жатыптыр… 120 депутатыңын да Европада үйлөрү бар.  Ошон үчүн 2-мартка акырын үндөсөң, лидерлер келет, сен ачык жазба смс, сүйлөш, азыр да чыгып сүйлөш. Тиякта браттар, бир туугандардын баары аракет кылып жатат дегин. Даярдалган 1000 бала чыгат экен…

-Ооба.

-“Жарып ийбей, бир барып белин сындырыш керек” десең, “бул жерде чыркырагандан безтолк” деп айтсаң.  “Бири-бирин залогго алып, биякта эмнеге чыркырап жатабыз, давай тиякка барабыз, 20дан машина даярдагыла” деп тигилерди башкарып албайсынбы…

-Макул.

-Сенден 20 машина чыгат да жаштардан, туурабы?

-Эми…

-Ошолорду эми акырын-акырын сүйлөш энеңдиурайын…

-Ошо, макул…

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: