Бүгүн, 2-март күнү Ала-Тоо аянтында саясатчы Садыр Жапаровду абактан бошотуу талабы менен тынчтык митинги өтүп жатат.
Митингдин уюштуруучулары элди биримдикке, провокацияга алдырбоого чакырышты. Митингдин башталышында 500дөн ашык адам чогулуп, учурда адамдардын саны көбөйүүдө.
Уюштуруучулардын бири, коомдук ишмер Мелис Аспеков бүгүнкү митингдин талаптары аткарылмайынча кайрадан митинг боло бере турганын айтты.
“Бүгүнкү тынчтык митингинин негизги талабы – Садыр Жапаровду абактан бошотуу. Эгерде бүгүнкү тынчтык митингинин талаптары аткарылбаса митингдер улана берет. Садыр Жапаров чыкмайынча митингдер токтобойт!” – деп билдирди.
Эске сала кетсек, Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн андагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып менен 2018-жылы 11 жыл, алты айга кесилген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ