Келерки жылдан тарта айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында бериле турган насыя каражаттары толугу менен кайра кайтарымдуу болот. Мындайча айтканда, “Айыл чарбасын каржылоо-9” долбоорунун алкагында берилген насыя каражаттары жеңилдетилбейт. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Улугбек Кармышаков Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде Өкмөттүн “Айыл чарбасын каржылоо-8” долбоору боюнча маалымат угулуп жатканда билдирди.
Депутат Кенжебек Бокоев долбоордун алкагында бериле турган 1 млрд 250 млн сом көлүмүндөгү каражатты толугу менен кайтарымдуу кылса болор-болбосуна кызыкты.
Каржы министрлигинин өкүлү насыя каражаттарын толугу менен кайтарымдуу кылса болорун, бирок анда жазгы талаа жумуштары кыйла создугуп каларын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ