Кечээ, 1-март күнү Япониядагы “Diamond Princess” круиздик кемесинен коронавируска чалдыккан кыргызстандык жаран ооруканадан чыгып, Токиодогу мейманканалардын бирине жайгаштырылды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 2-март күнү билдирди.
“Кыргызстандык жаранда анын ооруканадан дарыланып чыккандыгы тууралуу медициналык сертификат бар. Акыркы алынган тест терс жыйынтыгын көрсөткөн” – деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, ТИМ азыркы учурда кыргызстандык жаран Токио шаарында ээн-эркин жүрөрүн кошумчалаган.
Эгерде ал Кыргызсанга келе турган болсо, 14 күндүк убактылуу обсервациялоо жайларына жайгаштырылат.
Белгилей кетсек, 26-февралдагы Япониядагы “Diamond Princess” круиздик лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирус табылганын Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирген.
Анын абалы туруктуу. Анда дене табынын жогорулашы, жөтөлүү, ооруксунуу жок экени, күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө экени айтылган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ