Бүгүн, 2-мартта Бишкекте Садыр Жапаровду абактан бошотуу талабы менен өтүп жаткан митингдин катышуучуларынын жарымы уюштуруучулардын тилин укпай, кечки саат 18:15те Ак үйдү көздөй бет алышты.
Митинг өткөрүүгө саат 17:00ге чейин гана уруксат алынганын укпай коюшту.
Ага чейин Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаров митинг максатына жеткенин, Президенттик администрация аларды кабыл алып, 3 күн күтө турууну суранганын айтып, митингчилерди тарап кетүүнү суранганда, аны укпай митингден четке сүйрөп чыгып коюшкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ