Бишкек шаарындагы тез жардам кызматына Садыр Жапаровдун тарапташтары уюштурган митингден телефон чалуу келип түшкөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Алардын айтымында, азырынча жабырлануучулар тууралуу маалыматтар жок. Министрлик жерине медициналык топ кеткенин кабарлады.
Бир саат мурда митингге чыккандар ак үйдү көздөй жулунуп, милиция кызматкерлери менен кагылышкан. Атайын багыттагы кызматкерлер митингчилерге суу аткыч машина менен атып, тарсылдак куру дүрмөт гранаталарды ыргытып митингичилерди кууп таратты.
Белгилей кетсек, бүгүн Ала-Тоо аянтына өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген эл митингге чыгышкан. Митингдин эң башкы талабы – саясатчы Садыр Жапаровду абактан бошотуу.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ