Menu

Өкмөт каза болгон чек арачы Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай алып берди

Бөлүшүү:

Өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда каза болгон КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай алып берди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев  резервдик фонддон каза болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө үй алуу үчүн 2 млн сом бөлүү чечимин чыгарган.

Жер тилкелүү турак жай Баткен облусунун Исфана шаарында жайгашкан. Үйдүн жана жер тилкенин документтери каза болгон чек арачынын жубайына катталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: