Бүгүн, 3-март күнү Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда саат 16:00дө Кой-Таш окуялары боюнча алдын ала угуулар болот. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирди.
Кой-Таш окуясы боюнча 19 адамга айып коюлууда, анын ичинен 5 адам тергөө менен кызматташуу келишимине кол коюшкан.
“Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугунун абалына карабастан соттук отурумга катышууга ниеттенүүдө” – деди Замир Жоошев.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ