Menu

Видео – Кечээки митингдин катышуучуларына акча таратылганбы?

Бөлүшүү:

Кечээ, 2-мартта өткөн митингде акча таратылгандыгы тууралуу айткан адамдын видеосу социалдык тармактарда жайылууда.

Анын айтымында, Ала-Тоо аянтына 1000 сомдон берип, 17 адамды алып келишкен. Акчаны кимдер берди дегенде, ал акча тараткан адамды тааныбай турганын айткан.

“Акча берген адамды тааныбайм. Бизди алып келип таштады. Ошол бойдон жок” – деп айткан митингдин катышуучусу.

Журналисттер анын аты-жөнүн сураганда, өзүн тааныштыруудан баш тарткан.

Белгилей кетсек, күн мурун Ала-Тоо аянтына өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген эл митингге чыгышкан. Митингдин эң башкы талабы –  саясатчы Садыр Жапаровду абактан бошотуу.

Митинг саат 11:00дө башталып, күн батканга чейин уланган. Кечке жуук митингдин катышуучуларынын бир тобу Ак үйдү көздөй бет алышып, алдынан тосуп чыккан милиционерлерди таш бараңга алышкан. Митингчилерди атайын багытттагы күч кызматкерлери суу аткыч менен атып, тарсылдак, куру дүрмөт граната ыргытып, элди кууп-тараткан.

Ала-Тоо аянтындагы митингден 166 адам кармалып, 162нин өздүгү такталгандан кийин кое берилген. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, 4 жаран камакка алынган. Ошондой эле митингден кийин медициналык жардамга 22 адам кайрылган. Анын 19у милициянын кызматкерлери.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: