Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясынын экинчи этабын баштады. Ал ушул жылдын 1-апрелине чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу МСКнын басма-сөз кызматы бүгүн, 3-мартта билдирди.
1-апрелге чейин Бирдиктүү салык декларациясын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар тапшырууга милдеттүү.
Эскерте кетсек, юридикалык жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2-мартта аяктады.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 1240 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ