Түп-Кеген унаа жолунда автокырсык катталып, натыйжасында 4 адам жабыркады. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Түп районунда 29-август күнү саат 09:30 чамасында Түп-Кеген унаа жолунун 23-чакырымында “Ауди-А6” жана “Мерседес” үлгүсүндөгү эки унаа кагылышкан.
Жол кырсыгынан унаалардын айдоочулары жана 2 жүргүнчү ар кандай жаракат алышып, тез жардам кызматкерлери тарабынан Түп райондук ооруканасына жеткирилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ