Menu

“Кедей өлкөнүн эли саясатчы болот, бай өлкөнүн эли саякатчы болот”

Бөлүшүү:

Жер жарылып жаз келгенде өлкөдө саясат айдыңы да кошо жарылмай күнүмдүк адатка айланып калды. Адатта, жаз жарыш демекчи, эл жаздын келишин улай кыштын камы менен алек болуп алпурушуп калчу. Ал эми акыркы кездери элибиз дагы саясатташып, жаздын камы менен эмей эле саясаттын камы менен алагды болуп калгандай. Ананчы, буга да жүйөлүү себептер бар. Бир учкул кеп бара эмеспи “кедей өлкөнүн эли саясатчы болот, бай өлкөнүн эли саякатчы болот” деген. Анын сыңары бийлик башындагылар элдин турмушун оңдобой эле папке талаш, так талаш менен күн өткөрүп, өлкөнүн экономикасы, элдин турмушу артта калып кетип жатканы бештен белгилүү.

Апрель айынын башынан бери  өлкөдө саясий кырдаалдар курчуп баратканы талашсыз. Алды менен экс-ажо  Атамбаев баштаган топ, бир кезде өздөрү сүрөп алып келген бийликке сындарды болушунча жаадырып, эки айлык мөөнөт берди. Болсоң бол, болбосоң болтурабыз деген таризде. Албетте, буларга өзүңөрдү күзгүдөн бир карап койгулачы деген киши жок. Бул бир.

Экинчиден, мындан көп өтпөй “Ата Мекен” саясий партиясы камакта жаткан лидери Өмүрбек Текебаевдин акталуусун талап кылып, 23-апрелде тынчтык митингге чыгаарын маалымдашты. Эгер ошол күнү сот адилеттүү чечим чыгарса жакшы, а эгер “Ата Мекенчилер” күтпөгөн теңирден тескери чечим чыгып калса кандай болот? Бул жагы бийликке ыңгайсыздык жаратып коюшу толук мүмкүн.

Үчүнчүдөн, кечээ жакында дагы бир экс-ажо Роза Отунбаева радиого маек берип жатып, бүгүнкү бийликке кескин сын көз карашын билдирип, “бир жарым жылдан бери кылган иши жок, кол куушуруп олтурат” деп кыйытты. Буга улай, Роза Отунбаеванын карачечекей желдеттери Курултайчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Эмилбек Каптагаевге жан кирип апчелерин колдоп, бийлик күздөгү Курултайда кабыл алынган иштерди аткарбаса биз дагы жаңы кадамдарга барабыз деп божурашты.

Төртүнчүдөн, азыркы бийликтин элдешкис душманына айланган Адахан Мадумаров дагы күндөн-күнгө от алып, бийликтин кемчиликтерин ачык-айкын айтып өзүн негизги оппозиционер катары сыпаттап келет.

Бешинчиден, кайра-кайра Кыргызстанга келем деп жар салып, өзүнүн аткошчуларынан айттырып олтуруп акыры өлкөгө кайтуу чечимин кабыл алган Өмүрбек Бабанов дагы бүгүнкү бийликтин баш ооруусуна айланды. Анысы аз келгенсип анын бул жактагы тарапташтары лидерин тосуп алууга он миң адам алып чыгабыз деп күпүлдөп киришти. Анысы аз келгенсип Талас, Каракол жана Нарын шаарларында да миңдеген колдоочуларыбыз митингге чыгат дейт. Буга кандай түшүнсөк болот, Бишкекте го лидерин тосуп алат экен, ал эми башка шаарларга элди чыгарып эмне кылат же кокус бир нерсе болуп кетсе деген алдын ала даярдыкпы?

Ал эми Камчыбек Ташиев бийликке болгон таарынычынан улам, БӨТ досу менен кайра жарашып, анын шыкагы менен пресс-конференция өткөрүп, өкмөттүн отставкасын талап кылган болуп, бийликтин огородуна таш ыргытты. Ташиев президенттик шайлоонун алдында башка саясий күчтөр менен биригүүгө даяр экенин айтып, бир гана Бабанов менен эч качан бирикпээрин жар салып жүрбөдү беле? “Партиябыз эки жолго түштү, болгону фракциябыз мөөнөтү бүткөнчө ишин уланта берет” деп. Эми бул киши ошол айткан сөздөрүн көз көрүнө танып кетеби.

Жогорудагы фронттордун койгон ультиматумуна бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков жооп берип, алардын мындай кадамдарынан чочулабасын айтып, коррупция менен күрөш улана берээрин билдирди.

Албетте, президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү өнүктүрүүгө болгон күчүн жумшап жатканы талашсыз. Президент былтыр кышында Жогорку Кеңешке келип, бир топ натыйжалуу долбоорлорду айтып, ыкчам ишке ашыруу боюнча тапшырма берген эле. Бүгүн дагы омоктуу ойлору менен бөлүшүп, жакшы тапшырмаларды берди.

Калысбек Чынтурганов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: