Menu

Видео – Кундуз Жолдубаева, айыпталуучу: “Бизди соттоп жаткан сот залы тар, өтө ыңгайсыз, эч ким батпайт”

Бөлүшүү:

“Сотто бизди айыптаган 7 прокурор катышып жатат. Алардын фамилияларын кийинчерээк атайбыз. Айыпталуучулар болуп 14 киши өтүп жатат: Фархад Бабиев, Канат Осмоналиев, Канат Сагымбаев, Рыспек Карыпбек уулу, Норус Капарбеков, Марат Шаменов, Амангелди Какебаев жана башкалар”, – деп билдирди бүгүн, 3-мартта КСДПнын пресс-катчысы, азыр айыпталуучулардын бири Кундуз Жолдубаева журналисттерге.

“Сот процесси өтүп жаткан зал өтө ыңгайсыз, тар, эч ким батпайт. Жактоочулар үчүн кагаз коюучу стол коюлбаган. 2010-жылы 7-апрель боюнча соттолгондорго биз, Атамбаев болуп ачык сот өткөргөнбүз. Бизди да ошого окшоп ачык соттогула, эл көрсүн деп жатабыз”, – деди Кундуз Жолдубаева.

Бирок кыргыз тарыхында жабык сот өткөрүүнү Алмаз Атамбаев традицияга айлантпады беле? Бекболот Талгарбеков, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнис Карыбеков сыяктуу 30дан ашык кишини Атамбаевди сындап койгону үчүн гана жабык соттотуп, узак жылдарга каматып жибербеди беле? Таба эмес тобо, бирок турмуштун бумеранг мыйзамы бар да.

Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн, 3-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда былтыр, 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларында адам өлтүрүү жана башка кылмыш фактылары боюнча Алмаз Атамбаевдин жана анын 18 жан-жөкөрүнүн үстүнөн сот иши башталды. Ал кылмыш иштери боюнча азыр 19 адам айыпкер катары соттолууда. Алардын ичинен Атамбаевдин 5 жан-жөкөрү тергөө менен кызматташууга баргандыктан алардын иштери бөлүнүп, өздөрү үй камагына чыгарылган, алар: Алга Кылычев, Амантур Жамгырчиев, Кыяс Смаилов жана башкалар.

Ал эми Алмаз Атамбаев, Фарид Ниязов, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев жана башкалар адам өлтүрүү, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууну пландаштыруу, массалык баш аламандыкты уюштуруу, бейбаштык, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө сыяктуу оор кылмыштарга шектелип, соттук териштирүү башталды.

Аталган кылмыш иштери 84 томдон турат. Алмаз Атамбаевди жана анын жан-жөкөрлөрүн Кыргызстандагы эң кымбат адвокаттар коргошууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: