2-март күнү Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровду абактан бошотуу талабы менен өткөн митингде, Жогорку Кеңештин жөнөкөй кызматкерлерине асылып, кемсинтип, жулмалашкан аялдар изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факт Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Белгилей кетсек, 2-мартта Ала-Тоо аянтына өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген эл митингге чыгышкан. Митингдин эң башкы талабы – саясатчы Садыр Жапаровду абактан бошотуу.
https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/562519861012714/
Белгилей кетсек, 2-мартта Ала-Тоо аянтына өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген эл митингге чыгышкан. Митингдин эң башкы талабы – саясатчы Садыр Жапаровду абактан бошотуу.
Митинг саат 11:00дө башталып, күн батканга чейин уланган. 17:00дө бүтө турган митинг аягына чыкпай, бир топ аялдар ак үй тарапты көздөй келип, Жогорку Кеңештен чыгып келе жаткан жөнөкөй кызматкерлерге асылышып, аларды ургулап, жулмалашкан. Кечке жуук митингдин катышуучуларынын бир тобу Ак үйдү көздөй бет алышып, алдынан тосуп чыккан милиционерлерди таш бараңга алышкан. Митингчилерди атайын багыттагы күч кызматкерлери суу аткыч менен атып, тарсылдак, куру дүрмөт граната ыргытып, элди кууп-тараткан.
Ала-Тоо аянтындагы митингден 166 адам кармалып, 162нин өздүгү такталгандан кийин кое берилген. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, 4 жаран камакка алынган. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев бийликти күч менен басып алууга шектелип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ошондой эле митингден кийин медициналык жардамга 22 адам кайрылган. Анын 19у милициянын кызматкерлери.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ