Menu

“Симулянт” Атамбаевдин фокустарын сот жыйынынан күтөбүз

Бөлүшүү:

Абакта жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин «тамадасы» Кундуз Жолдубаева сот отурумдарына барбай, көрсөтмө берүүдөн баш тартып жаткан шефи Кой-Таш окуясы боюнча 3-мартка дайындалган соттук териштирүүгө катышат деп сүйүнчүлөп жар салды.«Алмазбек Атамбаев сотко катышып, мыйзамсыздыкка жана укук бузууга каршы чыккан тарапкерлеринин жанында болууну чечти», -деп жазган Кундуз Жолдубаева.

Жолдубаеванын минтип «анонстоп» калганына караганда, АША болду-болбоду, бир «сүрприз» даярдоодо. Көптөн бери прессанын алдына чыкпай, буулугуп калган неме кайрадан мурдагы ырын ырдап, азыркы бийликке баштан-аяк жугунду куят, өзүн актайт. Же болбосо, прессанын, камеранын алдында эси ооп жыгылып, баарын коркутат. АШАчылар бекеринен эки жумадан бери:«Давлениясы түшүп атат, өлүп калат, үй камагына чыгарыш керек», -деп кокуйлап жатат дейсиңерби?!

АШАнын «симулянт», артист экенин 20 жылдан бери элдин баары билип бүткөн. Түнү оою ичип, эртеси эл алдына мас болуп чыкканда да, ууландырышты деп кайра беттен алганы эсибизде. Америкага ООНдун жыйынына катышам деп бара жатып, Стамбулдан атайын ээси ооп жатып калганын унута элекпиз. Ал кезде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен урушуп жүргөндүктөн, анын көңүлүн ушинтип бургусу келген. Бирок, «шоуменге» Түркиянын расмий бийлиги көңүл бурбай коюп, 3 күн бою отелде көгөрүп жаткан. Президент эмес, катардагы жаран катары. Дал ушундай артисттик жайын соттук жыйында да көрсөтүшү мүмкүн. Негизи эле, АША менен анын командасынан ар кандай фокустарды күтсө болот. Кыскасы, эрикпейбиз.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: