Menu

ИИМ: 2-мартта Ак үйдүн алдында Жогорку Кеңештин кызматкерлерине кол көтөргөн аял кармалды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-мартта Бишкек милициясынын кызматкерлери тарабынан 2-мартта Ак үйдүн алдында Жогорку Кеңештин кызматкерлерине кол көтөргөн аял кармалды. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

“Башында, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренеси (массалык баш аламандык) менен сотко чейинки өндүрүш башталган. 2020-жылдын 4-март күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери тарабынан Бишкекте 2020-жылдын 2-мартында С. Жапаровдун тарапташтары өткөргөн митинг учурунда Жогорку Кеңештин кызматкерлерине жана өтүп бара жаткан жарандарга маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп, коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин бузуу менен башка белгисиз аялдар менен кошо кол салган аял кишинин өздүгү такталып, ал 1973-жылы туулган Ч.Н. аттуу жаран Бишкек ШИИББге жеткирилди.

Андан сырткары бейбаштык аракеттери менен эч себепсиз мазактап, маданиятсыз сөздөрдү сүйлөп кол салышкан белгисиз аялдарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрү үчүн арыз менен Жогорку Кеңештин кызматкерлери дагы кайрылган.
Азыркы учурда жаран Ч.Н. карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Топтолгон материалдын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилмекчи, тактап айтканда беренени квалификациялоо каралат.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда”, – деп айтылат ИИМ тараткан билдирүүдө.

https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/562519861012714/

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: