Menu

Кыргызстандык жаран башка бирөөнүн паспорту менен чек арадан өткөнгө аракет жасаган

Бөлүшүү:

“Чалдыбар– автодорожный”  көзөмөл бекетинде, чек арачылар кыргызстандык жаранды башка бирөөнүн паспорту менен Казакстандын аймагына өтүп кетүү аракети үстүнөн  кармап алышты.  Бул туураалуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Чек арадан текшерүү жүргүзүү маалында  кыргызстандык жаран, 1976–жылы төрөлгөн А.А.га тийиштүү паспортту көрсөткөн. Чек ара күзөтчүлөрүнүн документке карата шек саноосу пайда болуп, териштирип келгенде, ал башка бирөөнүн, б.а. тигил жарандын  эгиз бир тууганынын паспорту экендиги  белгилүү болгон.

Суракка алынган У.А. өзүнүн атына чек арадан чыгууга чектөө болгондуктан,  Казакстанга бир тууганынын пасторту менен өтүп кетүүгө аракеттенгенин  айткан.

Тийиштүү документтерди каттоо жараяны жүргөндөн кийин, бул иш КРнын ИИМнин аймактык бөлүм кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Булак: KyrgyzToday

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: