Menu

Ооган жоочулары чек арадан эки тажик жаранын атып өлтүрдү, дагы бири жаракат алды

Бөлүшүү:

26-августта Тажикстандын Ооганстан менен чектеш Фархор аймагынын үч тургуну «Нива» автоунаасы менен бараткан жеринен ооган тараптан ок атууга дуушар болушту. Эки киши өлүп, бирөө жараат алды.

Жабыркаган үчөө тең токойчу болгон: 1965-жылы туулган Саидов Амирхон Амирович жана 1958-жылы туулган Сангаков Давлат Раджабович каза тапты, Рахмонов Сафархон Бурихонович – жарадар болгон.

Тажикстандын чек ара кызматы азырынча комментарий берүүдөн баш тартууда. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, окуя болгон жерде бийлик өкүлдөрү, күч органдары жана тик учактар жүрөт.

Ооганстандын чектеш Тахор провинциясынын полициясынын басма сөз катчысы Халил Асирдин айтымында, оогандыктар бул окуя тууралуу кабардар, бирок анын артында ким турары азырынча белгисиз. Ал ок чыккан аймак азырынча талибдердин колунда экенин кошумчалай кетти.

Жаз айында Душанбедеги конференциялардын бири учурунда тажик чек ара кызматынын башчысы Раджабали Рахмонали чек аранын ооган тарабында 7 миңге чукул согушкер чогулуп турганын жана ал кооптонуу пайда кылаарын айткан эле. Тажикстан менен ооганстандын жалпы чек ара тилкеси – 1400 км.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: