Menu

Казакстанда акысыз билим алууга сынак жарыяланды

Бөлүшүү:

Казакстан 2020-2021-окуу жылына карата кыргызстандыктар үчүн 5 гранттык орун бөлдү. Анын үчөө бакалавриат жана экөө магистратура программалары боюнча. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Гранттык орундар аркылуу билим алууну каалагандар Казакстандын мамлекеттик универсиеттерин жана адистиктерди өзү тандайт. Документтер 10-апрелге чейин кабыл алынат.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

-Арыз;

-Паспортунун көчүрмөсү;

-Буга чейин алган билим деңгээли тууралуу документтин көчүрмөсү, окуудагы жетишүүсүнүн орто баллы (бакалавриат программасы үчүн талапкерлерге) же GPA орто баллы (магистратура программасына талапкерлерге);

-Чет өлкөгө билим алганы чыгып жаткандар үчүн медициналык аныктама;

-ВИЧ жоктугу тууралуу медициналык аныктама;

-Флюорография;

-Орус же англис тилиндеги мотивациялык эссе (250-500 сөз);

-Англис же орус тилинде жазылган сунуштама каты;

-Соттолбогондугу тууралуу аныктама.

Тапшырылуучу документтер жогоруда келтирилген иретте файлдык папкага чогултулушу керек.

Сынакка төмөнкү жетишендиктеги талапкерлер киргизилет:

Бакалавриат программасы – орто баасы «В» же 4төн кем эмес;

Магистратура программасы – орто баллы 3,3 GPAдан кем эмес же анын эквиваленти.

Көңүл буруңуз: толук эмес же документтери көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген билдирмелер каралбайт!

Документтер Билим берүү жана илим министрлигине тапшырылышы керек. Дареги: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү 257 (220-кабинет). Күн сайын 14:00дөн 17:30га чейин.  Тел: 0 (312) 62 15 19.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: