Menu

Кайран “Форум” бозоруп турат…

Бөлүшүү:

Эки жолку бийлик алмаштыруунун башаты “Форум” экенин эч ким тана албастыр? Чынында эле ыңкылаптын “бороону” ушул ыйык жерден башталып, жини кашайгандар ак үйгө келип көпкөн, манчыркаган манаптарды кууп чыгышкан. Найза бойлогус күнөөгө кабылгандар качкан ажолордун артынан эмшеңдешип башка мамлекеттерде башын калкалап жүрүшөт. Ошол эле С. Балкыбеков, К. Исаев, Д. Үсөнов, К. Ногоев, Б. Бешимовдор барган жеринен “бак” таап тынып калышты. Ал эми эки безген ажонун жакындары дале болсо шапар тээп жашап жатышканы жашыруун эмес.

Ал эми айтылуу “Форумдун” бүгүнкү кебете-кешпири боор ачырлык мүнөзгө чулганган. Мурдагы күрү-гүү болуп иштеген КСДПнын бир да мүчөсү көрүнбөйт. Таланып, тонолуп ботосуз калган боз ингендей болгон бул жайда азыр керелден-кечке уйкусурап отурган “кароолчулардан” башка эч ким байкалбайт. Кайран делип тергелген ушул жайдан кезинде президенттер, өкмөт башчылар, генералдар, министрлер, депутаттар өсүп чыкканы боюнча он жылдан кийин айтышса ошол кездеги боз уландар ийинин куушурушу турган иш. Көрсө тарыхый болумуштарды деле күм-жам кылып ташташ бирпаста экен. Болгону өлкөнүн башындагылар көздү жумуп, көрмөксөндүккө салса башкалары кың дегенге чамасы барбы, аттиң! Кандай болгон күндө да “Форумду” чийип таштоо мүмкүн эмес. Жылуулугу тийген башчылар келгенде кайрадан революциянын очогу болгон бул жай баштапкы касиетине келсе керек. Аны канчага чейин күтүш керек, кеп ошондо…

Булак: «Ачык сөз»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: