Menu

КСДПчы депутат Дастан Бекешев соттоткон көзү азиз акын Темирлан Ормуков бүгүн лезвие менен курсагын кескилеп салды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-мартта Бишкек шаардык милициясы көзү майып акын Темирлан Ормуковду суракка чакырып, ал барары менен абакка алуу чечими чыкканын айтышып, абактын кагаздарын толтура башташкан. Адвокаты жок болгонуна карабай, көзү азиз экенинен протоколдун текстин окуй албай турганын эске албай аны толтурулган протоколго кол коёсун деп кыйнашкан. Адилетсиздикке жаны кашайган акын лезвие менен курсагын кескилеп. суицид жасоого аракет кылган. Бул тууралу укук коргоочу Адил Турдукулов билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек алгач Темирлан Ормуков ошол кездеги президент Алмаз Атамбаевди сындаган ыр жазып, суракка чакырылып жүргөн.

Кийин, 2016-жылы декабрда КСДПчы депутат Дастан Бекешев анын үстүнөн менин ар намысыма шек келтирди деп арыз жазып, кылмыш ишин козгоону талап кылган.

2017-жылы августта сот аны КСДПчы депутат Дастан Бекешевдин арызы боюнча абакка алуу чечимин чыгарып, бирок үй камагына калтырылган. Бүгүн болсо аны абакка алуу аракети болуп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: