9-январда Таластан башына чачма ок жеп, оор жарадар болуп, Караколдогу “Бугу Эне” коомдук фондунун реаблитациялык борборуна жеткирилген жаш илбирс Жаабарс 1-мартта темир тордон реаблитациялык борбордун атайын короосуна чыгарылды. Бул тууралу “Бугу Эне” коомдук фонду видеотасмасы менен кошо жарыялады.
Эсиңиздерге сала кетсек, 1 жаштагы жаш илбирсти Талас токой чарбасына караштуу Көк-Ой айылынан 9-январда кармашкан. Ал башына 70тен ашык чачма ок жеп жарадар болгону аныкталган. Операция жолу менен анын башынан 17 бытыра ок алынган.
10-февралда көз адистери анын көздөрүн тыкыр текшеришип, анын эки көзүнө тең ок тийип, такыр көрбөй калганын жана аны калыбына келтирүү мүмкүн эмес экендигин билдиришкен.
“Бугу Эне” коомдук фонду бул жаш илбирске Жаабарс деген ат берип, камкордукка алган. Ага жардам бергиси келген жарандар үчүн атайын банктык эсеп ачылган.
1-мартта жараттарынан сакайып, өзүн жакшы сезип, тамакты жакшы жей баштаган Жаабарс темир тордон “Бугу Эне” коомдук фондунун атайын короосуна чыгарылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ