Menu

Видео – Прокурор Абай Молдокматов абактагы Садыр Жапаровдун эмне үчүн жатак-абакка которулбашын түшүндүрдү

Бөлүшүү:

“Садыр Жапаров Бишктин Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 2-августундагы өкүмү менен КР Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү менен, 227-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-бөлүгүнүн 1-жана 3-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылып, жазасын катуу тартиптеги абакта өтөөсү белгиленип, КР Кылмыш-жаза кодексинин 16-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде жасаган кылмышы өзгөчө коркунучтуу өнөкөттө жасалды деп табылган”, – деп билдирди КР Генпрокуратурасынын өкүлү Абай Молдоакматов.

“Аталган өкүм Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 15-сентябрындагы өкүмү менен өзгөртүүсүз, жана КР Жогорку сотунун 2018-жылдын 13-июндагы токтому менен күчүндө калтырылган. Жаңы мыйзамдар күчүнө киргендигине байланыштуу Садыр Жапаровдун кылмыш иши кайра каралып, КР Жогорку сотунун 2019-жылдын 30-апрелиндеги токтому менен Садыр Жапаровдон КР Кылмыш-жаза кодексинин 16-беренеси алынып салынып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Жаза мөөнөтүнүн башталышы 2017-жылдын 25-марты, жаза мөөнөтүнүн аякташы 2026-жылдын 5-октябры деп табылган. КР Жаза кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, кылмышты уюштурган же анын аткарылышына жетекчилик кылган адам, уюшкан топту же кылмыштуу уюмду түзгөн же болбосо аны жетектеп турган адам деп таанылат.

Андыктан КР Жазык аткаруу кодексинин 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык уюшкан топту же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыштарды жасап сотолгондор жатак-абагына которулбайт.

Ошондой эле КР Жаза кодексинин 89-беренесинин 4-бөлүгүндө жазаны өтөөдө шарттуу түрдө бошотуу уюшкан топту же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамдарга колдонулбайт деп көрсөтүлгөн.

Ошондуктан мыйзам талаптарына ылайык, соттолгон Садыр Жапаров кылмыш жасоону уюштурган же анын аткарылышына жетекчилик кылган, уюшкан топту же кылмыштуу уюмду түзгөн же болбосо аны жетектеген, уюштурган адам болгондуктан жатак-абакка которуу же жазаны өтөөдөн шарттуу мөөнөттөн мурда бошотууга жатпайт”, – деди прокурор Молдоакматов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: