Menu

Элчи Азимбек Бекназаров Малайзия ТИМнин протокол департаменттин директоруна ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды

Бөлүшүү:

5-март күнү Куала-Лумпур шаарында, Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Азимбек Бекназаров Малайзия Тышкы иштер министрлигинин протокол департаменттин директору Ван Заиди бин Ван Абдулла мырзага ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 9-март күнү билдирди.

Аземдин жүрүшүндө Элчи А. Бекназаров Ван Заиди бин Ван Абдулла мырзага Кыргызстандагы азыркы кырдаал жөнүндө айтып берди, ошондой эле Малайзия менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө түрткү берүүдө кыргыз тарабынын жогорку кызыкдарлыгы жөнүндө билдирди.

ТИМдин Протокол Департаменттин Башчысы Кыргыз Республикасынын жаңы Элчисине алдыга коюлган пландарынын ишке ашырылышына ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: