Кечээ, 8-марттагы аялдардын жүрүшүндө Бузуулар жөнүндөгү кодекстин негизинде протокол түзүлгөн. Бул тууралуу Свердлов РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Бузуулар жөнүндө кодексинин 82-беренеси (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) боюнча жөө жүрүштүн алты катышуучусуна – 23 жаштагы К.А., 22 жаштагы А.Г., 36 жаштагы К.А., 34 жаштагы Т.Г. жана 38 жаштагы С.М. карата протокол түзүлүп, айып салынган.
Ошондой эле феминисттик жүрүштүн катышуучулары менен кагылышып, коомдук тартипти бузгандар – 41 жаштагы К.З., 21 жаштагы Ш.Э., 22 жаштагы А.М., 27 жаштагы К.Б. жана 57 жаштагы Д.К. аттуу жарандарга айып салынган.
Маалым болгондой, кечээ, 8-мартта саат 12:00 чамасында “Феминалле” жана “8/365” коомдук кыймылдын өкүлдөрү Свердлов райондук акимиаты жана Бишкек мэриясы менен макулдашпай эле Жеңиш аянтында уруксатсыз митинг өткөрүшкөн.
Ошондой эле уюшуруучулар ички иштер органдарына жүрүш тууралуу айтышкан эмес. Мындан улам Жеңиш аянтында коомдук тартипти бузуу болгон. Акциянын башталышында катышуучулар менен ак калпак, медициналык беткап кийген жарандар кагылышкан. Анда беткап кийген адамдар аялдарга кол салып, плакаттарын тартып алып, өздөрүнө жумуртка ыргытып, кууп таратышкан.
“Чыр-чатактын андан ары курчуп кетишине жол бербөө үчүн милициянын кызмакерлери мыйзамдуулукту жана тартипти калыбына келтирүү жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тез арада зарыл чараларды көрүшкөн” – деп айтылат маалыматта.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ