Menu

Алмамбет Шыкмаматов: “Феминисттик жүрүштүн күч менен токтотулушу, Суракматовдун кезектеги чоң катасы болду”

Бөлүшүү:

Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов кечээки башталбай жатып, бүткөн феминисттик жүрүш тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, аялдардын жүрүшүн күч менен токтолушун туура эмес деп, шаардын мэрин жана милициянын кызматкерлерин сындаган.

“8-март күнү аялдардын тынч жүрүшүнүн күч менен токтотулушу өтө туура эмес иш болду. Жылда өтүүчү жүрүштүн эч кимге зыяны жок эле го, тим коюшса бир-эки саат жүрүп тарамак. “Аялдардын укугу сакталыш керек”, деген ураандын эмнеси жаман? Жыйынтыгында укугун коргоп жүрүшкө чыккан аялдарга бийлик уюштурган эркектер кол салышты, милиция аялдарды сүйрөп барып камашты. Маалымат айдыңында укук коргоо органдарынын жоругу өтө начар маанай жаратты. Бүгүнкү жорук, Суракматовдун кезектеги чоң катасы болду. Мындай апендиликтин кесепетинен улам коомдогу терс маанай акырындап чогулуп жатат. Аны арзыматтар ылдамдатып жатат. Өтө өкүнүчтүү!” – деп жазган депутат.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-мартта саат 12:00 чамасында “Феминалле” жана “8/365” коомдук кыймылдын өкүлдөрү Свердлов райондук акимиаты жана Бишкек мэриясы менен макулдашпай эле Жеңиш аянтында уруксатсыз митинг өткөрүшкөн. Аялдардын жөө жүрүшү башталбай жатып, аларга ак калпак, медициналык беткап кийген адамдар аялдарга кол салып, жүрүштү токтотушкан. Мындан улам милициянын кызмакерлери катышуучуларды жана чагымчылдарды кармап, протокол түзүп, кээ бирлерине 3000 сомдон айыппул салып, анан чыгарган.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: