Menu

Рэппер ырчы Тата Улан үй бүлөлүк баалуулуктар үчүн деп альтернативдүү митингге чакырат

Бөлүшүү:

Бет кабын чечпей рэп аткарган Тата Улан бүгүн, саат 12:00дө Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелиги астында боло турган митинг тууралуу билдирүү таратып, намыстуу жарандарды үй бүлөлүк баалуулуктар үчүн деп альтернативдүү жүрүшкө кошулууга чакырып, жүрүштүн талаптарын айткан.

Анын билдирүүсү толугу менен төмөндө берилет:

Үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана каада-салттарды коргоо жүрүшү

Демилгелүү топ бардык кыргызстандык жарандарды үй-бүлөлүк баалуулуктар менен каада-салттарды колдоо жүрүшүнө кошулууга чакырат.

Бизде азыр чечүүгө зарыл болгон көйгөйлөр бар экендигин моюнга алышыбыз керек. Кыргызстандагы үй-бүлө институту оор учурду башынан өткөрүп жана биз өзүбүз гана анын биротоло талкаланышын токтото алабыз.

Көпчүлүк кыргызстандык үй-бүлөлөр маалыматтык боштуктан жана экономикалык оор кырдаалдан улам чет өлкөлөргө жумуш иштеп кетүүгө мажбур болууда, ал эми биздин өлкөдө чоочун баалуулуктарды таңуулаган «жол көрсөткүчтөр» пайда болду – алар элди бир жыныстуу никеге үгүттөп, гей-параддарды өткөрүүдө. Моралга жана аң-сезимге каршы келген бузуку идеялар жакшы-жаманды толук түшүнө элек кыргызстандык жаш муундардын, жаштардын арасында атайын түрдө жайылтылып жатат. Түшүнүксүз чет элдик уюмдар Кыргызстан элинин көп кылымдык маданий баалуулуктарын жана каада-салттарын биздин көз алдыбызда жок кылууга киришти.

ӨЭУ активисттеринин жана өздөрүн «укук коргоочу» деп атагандардын жалган чакырыктары менен ураандары үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана биздин каада-салттардын кадырын түшүрөт. Андыктан эгерде коом мындай көрүнүштөргө унчукпай карап туруп бергенди уланта турган болсо, биз өз алдынчалыгыбызды жоготуп жана аял – эне – өмүрлүк жар негизги орунда турган өз тарыхыбыздан айрылып калуу тобокелдигине туш болобуз.

Биз чет өлкөлүк агенттер бизди түртүп жаткан душмандык жолдон четке чыгышыбыз керек. Биз өзүбүздүн күч-аракеттерди бириктирип, өзүбүздүн көйгөйлөрдү чечүүнү өзүбүз колго алууга тийишпиз. Бизде үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү бардыгын моюнга алабыз. Аялы менен балдарына кол көтөргөн эркектер менен эсептешүүгө убакыт келди.

Алимент төлөбөгөндөрдү жазалоо зарыл. Анан мунун бардыгы цивилизациялык жол менен, коомго керектүү кодекстерди жана мыйзамдарды кабыл алуу менен жасалат. Бул иштер баш аламан, чачкын коомдук бирикмелер тарабынан эмес, Кыргызстандын жарандарын, абройлуу эксперттерди жана мыйзам чыгаруучуларды тартуу менен мамлекеттик идеология деңгээлинде жүргүзүлүүгө тийиш.

Биздин пикирибиз боюнча, жакынкы убакытта Кыргызстанда үй-бүлөлүк баалуулуктар жана Кыргызстан элдеринин каада-салттарынын Кодексин иштеп чыга турган жумушчу топ түзүлүшү керек. Биздин үрп-адаттар менен маданиятты коргоо өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыт болууга
тийиш, ал эми укук коргоо органдары жана соттор биздин улуттук кызыкчылыктары коргоо үчүн керектүү инструменттерге ээ болушу зарыл.

Биз өзүбүздүн жүрүш менен Кыргызстандагы эркектер беткапчан таяк көтөрүп аялдардын артынан жүгүрбөй турганын көрсөтүүгө умтулабыз. Биз өзүбүздүн маданий баалуулуктарды, каада-салттарды жана үй-бүлө институнун коргоого жөндөмдүү экендигибизди көрсөтөбүз. Мындан тышкары, феминисттердин 8-марттагы жүрүшүндөгү баш аламандыктар Кыргызстанды эл аралык аренада каралоо үчүн атайын максатта уюштурулганын жокко чыгарбайбыз.

Биз бардык намыстуу жарандарыбызды биздин жүрүшкө кошулууга чакырабыз. Аны менен биз – «Кыргызстандын маданиятына жана каада- салттарына чет өлкөлүк кийлигишүүнүн кереги жок» деп айтабыз. Биздин жерге биздин коомду жана үй-бүлө институтун буза турган технологияларды сиңирүү үчүн келгендерди четке сүрө турган убакыт келди.

Жүрүштүн талаптары:

1.  Үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана каада-салттарды коргоо кодексинин жоболорун иштеп чыгуу боюнча Улуттук Кеңешти түзүү;

2.  Аялдар менен балдарга каршы кылмыш жасагандарга, алиментти төлөбөгөн карасанатай жактарга каршы жазаны катаалдатуу;

3.  Үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана улуттук маданиятты, каада-салттарды жана үрп-адаттарды пропагандалоо боюнча мамлекеттик маалыматтык кампанияларды күчтөндүрүү;

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: